RUSSIAN FILM FESTIVAL
14 – 16 – июлда Кыргызстандын көрүүчүлөрү россиялык беш мыкты фильмди көрө алышат. Анын ичине толук метраждуу анимация жана комедия кирет. Фестиваль Бишкек шаарынын"Ала-Тоо" кинотеатрында өтөт.

2020-жылы Росскино тарабынан демилгеленип, Россиянын Маданият министрлиги тарабынан колдоого алынган Россия фильмдеринин фестивалы дүйнө жүзүн кыдырып келет. Кыргызстандагы Россия фильмдеринин үчүнчү офлайн-фестивалы көрүүчүлөргө россиялык фильмдердин каармандары менен жаңы жолугушууларды, кызыктуу окуяларды, терең эмоцияларды тартуулайт.