RUSSIAN FILM FESTIVAL
11-апрелден 14-апрелге чейин кыргыз кино көрүүчүлөрү орусиялык беш мыкты тасманы, анын ичинде толук метраждуу анимацияны көрө алышат. Фестиваль Бишкектеги "Манас" кинотеатрында жана Оштогу "Семетей" кинотеатрында өтөт.

Россиянын Маданият министрлигинин колдоосу менен 2020-жылы РОСКИНО тарабынан уюштурулган орус кинофестивалы дүйнө жүзүн кыдырып келет. Кыргызстандагы төртүнчү оффлайн орус кинофестивалы көрүүчүлөргө орус киносунун каармандары менен жаңы жолугушууларды, кызыктуу окуяларды жана күчтүү эмоцияларды убада кылууда.