RUSSIAN FILM FESTIVAL
ОЛИМПТЕГИ БИРИНЧИ
Тасма адамдын чыныгы окуясынан алынган, анын кереметүү жашоосунда эрктин күчтүүлүгү эң татаал мезгилде да укмуштарды жарата алаарын даңазалайт. Блокадада аман калган жаш жигит Юра Тюкалов (Глеб Калюжный) спортко согуштан кийин келгенде, кайык менен сүзүү боюнча машыкканга эмес, жашоого да алы калбай калгандай сезилген. Бирок, машыктыруучу Михаил жана Вера Савримовичтер (Артем Быстров жана Елена Лядова) менен жолуккандан кийин Юрада экинчи дем ачылып, жашоосун кайра баштайт. Согуштан жараланган тагдырлар бир командага топтолуп, бири-бирин шыктандырып, колдоп турушат. Утуштар оңой эле келе койбойт, бирок Юраны токтото албаган сүйүүсү, таланты жана өзүнүн командасы бар: алардын максаты - Хельсинкидеги Олимпиада.
Чыгарылган жылы: 2025
Узактыгы: 107 мүнөт
Жанры: спорт, биография, драма
Режиссёр: Артём Михалков
Башкы ролдордо: Глеб Калюжный, Андрей Смоляков, Артём Быстров, Елена Лядова, Владимир Ильин