RUSSIAN FILM FESTIVAL
ТИЗМЕДЕ КӨРСӨТҮЛГӨН ЭМЕС
1941-жылдын 21-июну. Жаш лейтенант Коля Плужников туруктуу кызмат өтөөгө дайындалган соң, Брест шаарына келет. Вокзалдын элге толгон залдары жана жүктөрүн көтөргөн адамдар ишенимге толгон жаш жигитке эч кандай шек жаратпайт. Коля өзү кызмат өтөй иурган жер — Брест чебине шашылат. Бирок, жаш жоокерди аскерлердин өздүк тизмесине киргизе электе эле, таңкы саат төрттө артиллериялык жарылуулар чыгып — согуш башталат. Ал Брест чебинин аскер кызматкерлеринин катарына кирбесе да, жоого каршы салгылашууга аттанат.
Чыгарылган жылы: 2025
Узактыгы: 120 мүнөт
Жанры: драма
Режиссёр: Сергей Коротаев
Башкы ролдордо: Владислав Миллер, Алёна Морилова, Владимир Машков жана башкалар